# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14228/edition/442404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (19.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92065

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө токтому «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги муктаждыктарды жана ички азык-түлүк рыногунун камсыздыгын аныктоодо тамактануунун бекитилген орточо физиологиялык ченемдерине таянсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Д.Үсөнов

Тиркеме Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери

Продуктулар

Негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн элдеги адам башына карата орточо физиологиялык нормалары

Негизги тамак-аш азыктарынын кубаттуулугу

кг/сутка

кг/ай

кг/жыл

белоктор, г

майлар, г

углеводдор, г

кубаттуулугу, суткасына ккал

Дан азыктар (нан, макарон азыктар, ун, акшактар, дан буурчактар) данга айлантып эсептегенде

0,32

9,61

115,34

33,64

4,31

221,85

1040,86

Картөшкө

0,27

8,21

98,55

5,30

1,00

47,96

212,00

Жашылча жана бакча өсүмдүктөр

0,32

9,52

114,25

3,32

0,32

17,71

72,06

Мөмө-жемиштер

0,34

10,31

123,74

2,57

4,39

44,92

199,20

Кант жана кондитер азыктар

0,07

2,13

25,55

0,00

0,00

69,86

265,30

Өсүмдүк май

0,03

0,76

9,13

0,00

24,98

0,00

224,75

Эт жана эт азыктар (этке айлантып эсептегенде)

0,17

5,11

61,30

28,70

27,00

0,00

358,60

Балык жана балык азыктар

0,03

0,76

9,10

4,60

0,28

0,00

21,00

Сүт жана сүт азыктар (сүткө айлантып эсептегенде)

0,56

16,67

200,00

25,30

39,20

26,20

556,00

Жумуртка, даана

0,51

15,21

182,50

2,54

2,30

0,14

31,40

Бардыгы

105,97

103,78

428,64

2981,17
