КР Өкмөтүнүн «Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-февралы № 110 Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февралды "Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнү" деп жарыялагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл сайын 20-февралдан тартып 20-мартка чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы өткөрүлсүн.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү максатында иш-чаралардын пландарын иштеп чыксын жана бекитсин, аларда төмөнкүлөрдү карасын:
- социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында теле жана радиоберүүлөрдүн цикли аркылуу чагылдырууну;
- социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларды уюштурууну жана өткөрүүнү;
- аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга турмуш-тиричилик, медициналык жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз негизде берүүнү;
- жатак мектептерге, жатак үйлөргө, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборлоруна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жана улгайган жарандардын коомдук уюмдарына социалдык колдоо көрсөтүүнү;
- жарандардын социалдык жактан чабал категорияларына социалдык колдоо жана бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарды тартуу менен кайрымдуулук акцияларын өткөрүүнү.
3. Бул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар жыл сайын министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" басма үйлөрүнө жана "Эркин Тоо" газетасынын редакциясына облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында Социалдык адилеттүүлүк күнүн өткөрүүнү чагылдыруу сунуш кылынсын.
5. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында жасалган иштер жөнүндө маалыматты жыл сайын 1-апрелге чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине берип турушсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги ушул токтомду министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарышы жөнүндө маалыматты жыл сайын, 20-апрелге чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына киргизсин.
7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.03.2010 · № 103-р · Күчүн жоготкон