# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14222/edition/442253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө" токтому (16.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92059

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 16-февралы № 105 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Агенттикти белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

А.Жапаров

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги талдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин СХЕМАСЫ

| Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин борбордук аппараты ├───\> | бөлүмдөр | ӨКАга баш ийген |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| v ┌─────────┐ Бишкек шаардык Өрт кооп- суздук башкарма- лыгы └─────────┘ | v ┌─────────┐ └─────────┘ | v ┌─────────┐ | v ┌─────────┐ Талас облустук Өрт кооп- суздук башкарма- лыгы | v ┌──────────┐ └──────────┘ | └─────────┘ | Нарын облустук Өрт кооп- суздук бөлүмү └─────────┘ |  | лыгы | Баткен облустук Өрт кооп- суздук бөлүмү |  |  | Жалал-Абад облустук Өрт коопсуздук башкарма- |

v v v v

| Чүй облустук Өрт коопсуздук башкармалыгы └────────────┘ | башкармалыгы | Ысык-Көл облустук Өрт коопсуздук └────────────┘ └────────────┘ |  | Ош облустук Өрт коопсуздук башкармалыгы |  | Ош шаардык Өрт коопсуздук башкармалыгы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
