# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14216/edition/368653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92053

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 12-февралы №99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы №715 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо: 6-пунктта: "а" пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын: "а" пунктчасынын жетинчи абзацындагы "Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча" деген сөздөр "маданият жана искусство чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "а" пунктчасынын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; "б" пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 10-пункт, он экинчи абзацындагы "эмгек акы төлөө фондунун белгиленген чегинде" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана" деген сөздөр менен толукталсын; 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясында катышат.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 18-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасын Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы деп кайра түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу

А.Жапаров
