# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14205/edition/1157395/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтому (09.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92041

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-февралы № 86 Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жөнүндө Кесиптик-техникалык билим берүү системасын эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигин ишин андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 16-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 8-августундагы № 306 буйругу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

```text
┌───────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу │
│ жана миграция министрлиги │
└───────────────────────┬───────────────────────┘
│
```

v

| Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| ┌───────────────────────┐ v ├─\> └───────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ ├─\> └───────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ └─\> | Квалификациясын жогорулатуучу борбору билим берүү системасынын окуу жайлары "Эмгек резерви" спорт жана физкультура Республикалык борбору "Барчын" санатория- лык-профилакториясы | ┌──────────────────────────┐ └──────────────────────────┘ | Кесиптик-техникалык |
