# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14203/edition/441669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92037

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-февралы №82 Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 390 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №82 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкаруу СХЕМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы (Борбордук аппарат)

Мамлекеттик эмгек инспекциясынын аймактык бөлүмдөрү (облустук жана шаардык)
