Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын5-февралындагы №77 ««Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-02-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-февралындагы № 77 «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Ички жер которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу
А. Жапаров
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу»
1-берене «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин экинчи бөлүгүндөгү жана 6-берененин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндөгү «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине» деген сөздөр «мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге» деген сөздөргө алмаштырылсын:
2. 5-берене күчүн жоготту деп табылсын.
3. 13-берененин 5 жана 6-пункттарындагы тийиштүү жөндөмөдөгү «ички иштер органдарынын» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «жарандарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4. 15-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Жарандардын каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган жарандарды каттоо эсебин алуучу орган болуп саналат. Жарандардын каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жок калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарды каттоочу орган болуп саналат.».
5. 22-берененин экинчи бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» деген сөздөр «жарандардын каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 24-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Калктын реестирин актуалдаштыруу жекече маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (оңдоолорду, толуктоолорду) дайыма киргизүүнү билдирет:
1) жарандардын жүйөлүү арыздары боюнча;
2) жарандарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - туулгандыгын, никени, ажырашууну каттоодо; аты-жөнүн өзгөртүүдө; атасын аныктоодо, баланы асырап алууда; өлгөндө ошондой эле жарандык абал актысын оңдоодо, толуктоодо, кайра түзүүдө, кайра каттоодо же жокко чыгарууда; жаранды ата-эне укуктарынан ажыратууда; жекече идентификациялык маалыматтарын, үй-бүлөлүк абалын өзгөртүүдө; туугандык мамилелерин белгилөөдө же алардан кол үзүүдө; жарандарга документтер берүүдө, жашаган жерин же турган жерин каттоодо, жарандыгын жана улутун өзгөртүүдө;
3) тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - чет өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн жарандарды каттоодо;
4) коргонуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - аскерге милдеттүүлөрдү каттоодо;
5) билим-берүү чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан - окуу жайына кирүүчүлөрдү жана окуусун бүтүргөндөрдү (токтоткондорду) каттоодо;
6) эмгек, ишке орноштуруу, миграция, пенсиялык жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан - жарандын социалдык-экономикалык абалы өзгөргөндө (ишинин түрү, жумушсуздук статусу, пенсиялар жана башка социалдык жөлөк пулдар дайындалганда).
7) жумуш берүүчүлөр жана башка мекемелер тарабынан - ишке алууда (эмгек контрактын түзүү) же иштен бошотууда (эмгек контрактын токтотуу).
Калктын реестриндеги өзгөрүүлөр хронологиялык тартипти сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш.».
7. 33-берененин 1-пунктунун биринчи абзацындагы «Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин» деген сөздөр» өзгөчө кырдаалдардын алдын ала чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 37-берененин биринчи бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин» деген сөздөр «коргонуу, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 48-берененин 1-пунктундагы биринчи абзацындагы «жана башка» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 826-V "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 30.06.2011 · № 826-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1307-V "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.11.2011 · № 1307-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1308-V "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.11.2011 · № 1308-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 19-мартындагы № 1738-IV "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.03.2010 · № 1738-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон