# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №70 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №70 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14192/edition/1157196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №70 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (05.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92025

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-февралы № 70 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

А.Жапаров

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2005-ж., № 1, 42-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Мыйзамдын преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бул Мыйзам коргонуу чөйрөсүндө, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, мамлекеттик күзөттү камсыз чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, ички аскерлердин, өзгөчө кырдаалдардын чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын, жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын, Аскердик соттун, Аскердик прокуратуранын аскер кызматчыларынын жана окуу жана атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүлөрдүн (мындан ары текст боюнча - аскер кызматчылары жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууда аларга теңештирилген адамдар) өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздоонун шарттарын жана тартибин жүзөгө ашырууну аныктайт.".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
