# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14188/edition/879339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (12.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92021

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-февралы №66 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жободо:

- 13-пунктта ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 197 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна ылайык алынчу жыйымдардын" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы №343 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы борбордук күрөөлүк каттоо конторасын андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы №197 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Кыймылсыз мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинде топтолуусу бекитилсин." .

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

А.Жапаров
