# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14180/edition/885850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92013

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 2-февралы №58 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Билим берүү уюмдары функцияларын толук аткарышы максатында, окуу процессинин учурдагы талаптарына ылайык, билимдин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын штаттарын тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтомго № 1 тиркеменин 2-пунктунун эскертүүсүндө:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Балдар менен класстан жана мектептен тышкары иштөөнү уюштуруучунун кызматы орду негизги жалпы жана орто жалпы мектептерде окуучулардын контингенти 300 адамга чейин болсо - 0,25 ставка, 300дөн 400 адамга чейин болсо - 0,5 ставка, 400дөн 500 адамга чейин - 0,75 ставка, 500дөн 600 адамга чейин - 1,0 ставка, 600дөн жогору болсо - 1,25 ставка менен белгиленет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 16 жана 17-пункттар менен толукталсын:

"16. Социалдык педагогдун кызмат орду негизги жалпы жана орто жалпы мектептерде окуучулардын контингенти 300 адамга чейин болсо - 0,25 ставка, 300дөн 400 адамга чейин болсо - 0,5 ставка, 400дөн 500 адамга чейин - 0,75 ставка, 500дөн 600 адамга чейин - 1,0 ставка, 600дөн жогору болсо - 1,25 ставка менен белгиленет.

17. Ашкана жумушчусунун кызмат орду мектепте 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн киргизилет: 100 окуучуга чейин тейлесе - 0,5 бирдик, андан кийинки ар бир 50 окуучуга - 0,25 бирдиктен.".

2. Бул токтомдун 1-пункту 1-4-класстар үчүн 2010-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы базистик окуу планга жараша апталык жүктөмдү азайтуудан болгон бюджеттик каражаттын үнөмдөлүшүнүн чегинде ишке киргизилет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
