# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14178/edition/880843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (22.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92011

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 2-февралы №56 Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча тиркелген нускама бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
