# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14177/edition/1197228/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтому (27.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92009

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 2-февралы № 54 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2013-жылдын 25-мартындагы № 149, 2014-жылдын 3-февралындагы № 67, 2008-жылдын 18-июлундагы № 433,Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин жобосу.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин КУРАМЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); "Сатуучулардын (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы" ЮЖБнын президенти (макулдашуу боюнча); Шайкештикти баалоо жана контролдоо боюнча органдардын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
