# 9-статья. Кинематографияны мамлекеттик каржылоонун шарттары жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 9-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-9

---

Кинематографияны жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо кинематографияны мамлекеттик колдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат. Мамлекеттик каржылоо аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан республикалык бюджеттин тиешелүү финансылык жылга кинематография үчүн каралган чыгымдарынын чектеринде кинематография уюмуна, улуттук фильмдин продюссерине, жүгүртүүчүсүнө, көрсөтүүчүсүнө каражаттарды бөлүп берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Кинематографияны мамлекеттик каржылоо тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кеминде 0,1 пайызы өлчөмүндө белгиленет. Кинематографияны мамлекеттик каржылоонун шарттары жана тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан аныкталат жана аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана улуттук фильмдин продюссеринин, жүгүртүүчүсүнүн, көрсөтүүчүсүнүн ортосундагы тиешелүү келишимдер менен бекемделет. Мамлекеттик каржы аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана улуттук фильмдин продюссеринин, жүгүртүүчүсүнүн, көрсөтүүчүсүнүн ортосундагы келишимде каралгандан башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-10)
