# 8-статья. Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 8-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-8

---

Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн түрлөрү төмөндөгүлөр: кинематография жаатында мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу; мамлекеттик заказдарды жана киносанжыраны толук мамлекеттик каржылоо; улуттук фильмдерди тартууну, нускасын көбөйтүүнү, жүгүртүүнү жана көрсөтүүнү жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо; кинематография уюмдарынын ишине жеңилдик берүү менен валюталык жана башка жөнгө салуу болуп саналат. Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн негизги чаралары: улуттук фильмдерди, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдер менен улуттук дебют-фильмдерди түзүүгө; кинематографиянын материалдык-техникалык базасын сактоого жана өнүктүрүүгө; улуттук фильмдерди жүгүртүү жана көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө; билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууга; кинофестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө; эл аралык кинофестивалдарга жана башка маданий иш-чараларга катышууга багытталууга тийиш. Кинематографиянын бардык уюмдары мамлекеттик колдоо алууга укуктуу.

III глава Кинематографияны мамлекеттик каржылоо

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-9)
