# 4-статья. Улуттук фильм

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111201)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/919#diff=865152..865153>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 4-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-4

---

Фильм: эгерде фильмдин продюссери - Кыргыз Республикасынын жараны же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак болсо; эгерде фильмдин авторлору - Кыргыз Республикасынын жарандары болсо; эгерде фильмди тарткан топтун курамына (койгон режиссерлор, койгон операторлор, операторлор, композиторлор, үн операторлору, койгон сүрөтчүлөр, кийимдер боюнча сүрөтчүлөр, монтаждоочулар, башкы ролдорду аткарган актерлор) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон 30 пайыздан кем эмес адамдар кирсе; эгерде фильм мамлекеттик тилде же Кыргыз Республикасындагы элдердин биринин тилинде тартылса; эгерде фильмди тартуу, нускасын көбөйтүү, жүгүртүү жана көрсөтүү боюнча сметалык баалардагы жумуштардын жалпы көлөмүнүн кеминде 50 пайызы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кинематография уюму тарабынан жүзөгө ашырылса, улуттук болуп саналат. Тиешелүү эл аралык келишимдеринин шарттары сакталганда, чет өлкөлүк кинематография уюму менен биргелешип тартылган фильм улуттук фильм катары каралышы мүмкүн. (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-5)
