# 3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 февраля 2018 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111758)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.02.2018 [Закон КР от 21 февраля 2018 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111758); 20.03.2015 [Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111201)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/919#diff=865153..865154>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 3-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-3

---

Кинематография - маданият менен искусствонун бир тармагы, ага киночыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга багытталган кесиптик, чыгармачыл, өндүрүштүк, илимий, техникалык, билим берүү иш-аракетинин жыйындысы кирет. Фильм - чыгармачыл ойдун негизинде көркөм, хроникалдуу-документтик, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телекөрсөтүү же башка формада жаралган, кино тасмага же башка көтөрүп жүрүүчү аппараттарга тартылган сүрөттөрдөн турган жана бири-бири менен ырааттуу түрдө байланышкан тематикалык бир бүтүн нерсеге бириктирилген кадрлар жана тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен кабылдана турган киноаудиовидео чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн ашпаган фильм кыска метраждуу фильм болуп эсептелет. Киносанжыра - мезгилдин, бир жердин, жагдайлардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн (басымдуу түрдө - өткөндөрдү) чагылдырган жана келечекте фильм тартууга эсептелген документтик сюжеттерди үзбөй тартып алуу. Фильмди жүгүртүү - фильмди ар кандай формада жана ар кандай жол менен жайылтуу. Фильмди көрсөтүү - фильмди калкка көрсөтүү, ал кинозалда, эфирдик, кабелдик, спутниктик телекөрсөтүү жана башка техникалык ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Фильмдин продюсери - республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак. Фильмдин авторлору - өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен фильм жараткан жеке жактар: сценарийдин автору, койгон режиссерлор, койгон операторлор, койгон сүрөтчүлөр, башкы жана негизги ролдорду аткарган актерлор, кийимдер боюнча сүрөтчү-коюучулар, композитор, үн оператору жана башкалар. Фильмди жүгүртүүчү - фильмди жүгүртүүгө укугу бар жана аны жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жана уюштурган жеке же юридикалык жак. Фильмди көрсөтүүчү - фильмди көрсөтүүнү жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак. Кинозал - фильм көрсөтүлүүчү жай. Видеосалон - видеомониторлор аркылуу фильм менен бирге көрсөтүлүүчү маданий кызматтардын комплекстүү жайы. Кинематография уюму - уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, булар ишинин негизги түрлөрү болгон уюм: фильм, киносанжыра тартуу; фильмдин нускасын көбөйтүү, жүгүртүү, көрсөтүү жана калыбына келтирүү; кинозалды техникалык жактан тейлөө; киноматериалдар менен киножабдууларды даярдоо; фильмдерди, кинобаяндарды тартуу боюнча жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү (киножабдууларды жүгүртүү, павильондорду, кинокомплекстерди ижарага алуу, кийимдерди тигүү, декорацияларды куруу, грим, пастижер буюмдарын, реквизиттерди, ойноо техникаларын, атайын эффекттерди даярдоо, тасмаларды иштетүү, фильмди сүйлөтүү жана башкалар); кинематография жаатындагы билим берүү, илимий, изилдөө, басып чыгаруу, жарнамалык-үгүт иштери; фильмдерди жана фильмдердин баштапкы материалдарын сактоо; киносанжыраны жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо. Кинодолбоор - чыгармачыл-өндүрүштүк иштеп чыгуулардын, эскиздердин жана башкы сметалардын документтеринин комплектиси, ушулардын негизинде улуттук фильмди тартууну мамлекеттик же бөлөк каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынат. Фильмдин баштапкы материалдары - фильмдин негативи, контратиби, контролдук көчүрмөсү, кайра жазып алуулардын, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы, видеофонограмма - мастер, компакт-диск, катуу диск, сүрөт материалдар жана фильмди кандай болбосун материалдык формада нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар. Киносанжыранын баштапкы материалдары - негатив, видеофонограмма - мастер, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы жана фильмди кандай болбосун материалдык формада чыгаруу жана нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар. Фильмдин нускасын көбөйтүү - фильмдин бир же бир нече көчүрмөсүн (нускасын) ар кандай материалдык формада даярдоо. Кинопродукция - фильм, фильмдин баштапкы материалдары, киносанжыра, киносанжыранын баштапкы материалдары, фильмдин нускасы же фильмдин кускасынын бир бөлүгү, жарнамалык басылма продукция жана башкалар. Киножабдуулары - фильмди, киносанжыраны тартууда, нускасын көбөйтүүдө, жүгүртүүдө, көрсөтүүдө, фильмди жана киносанжыраны тартуу боюнча жумуштарды аткарууда жана кыэматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу жабдуулар, аппаратура, техникалык көмөкчү бөлүктөр жана алардын запастык тетиктери. Киноматериалдар - фильмди жана киносанжыраны тартууда, нускасын көбөйтүүдө, калыбына келтирүүдө, жүгүртүүдө, көрсөтүүдө, фильмди жана киносанжыраны тартуу, киножабдууларды даярдоо боюнча жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу чийки заттар, материалдар. Кинематографиялык уюмдун администрациясы - жетекчи, жетекчинин орун басары, башкарманын мүчөлөрү, башкы редактор, продюссерлер, башкы инженер, башкы бухгалтер. Кинематография уюмунун штаттык чыгармачыл курамы - кинематография уюму менен эмгек мамилелеринде болгон (эмгек жамаатынын мүчөлөрү жана аларга теңештирилген адамдар) чыгармачыл кесиптеги адамдар (фильмди койгон режиссер, койгон оператор, койгон сүрөтчү, сүрөтчү аниматор, кийимдер боюнча сүрөтчү, гримдөөчү сүрөтчү, үн режиссеру, монтаждоочу, фильмдин редактору, фильмдин музыкалык редактору, продюссери, фильмдин директору). Кинематография уюмунун штаттык эмес чыгармачыл курамы - кинематография уюму менен эмгектик мамилелерде болбогон чыгармачыл кесиптеги адамдар (сценарийдин автору, композитор, башкы жана негизги ролдорду аткарган актерлор жана башкалар). Кинематография уюмунун штаттык өндүрүштүк курамы - ушул Мыйзамга ылайык кинематография уюмунун штаттык чыгармачыл курамына же администрациясына кирген адамдардан башка кинематографиялык уюмдун эмгек жамаатынын мүчөлөрү жана ага теңештирилген адамдар. (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66, 2018-жылдын 21-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-4)
