# 15-статья. Кинематография уюмдарын менчиктештирүүнү чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/919#diff=865151..865152>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 15-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-15

---

Киносанжыраны тартууга, балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдерди тартууга жана көрсөтүүгө адистешкен кинематография уюмдары менчиктештирилбейт. Улуттук фильмдердин баштапкы материалдары, киносанжыранын баштапкы материалдары сакталып турган кинематография уюмдары менчиктештирилбейт. Аталган калктуу конушта фильмдерди көрсөткөн жана бирден-бир кинематография уюму болуп эсептелген кинематография уюму менчиктештирилбейт жана бөтөн жеке жана юридикалык жактарга берилбейт. Тарыхый, маданий жана искусство эстеликтеринин категориясына таандык кылынган кинематография уюмдары, ошондой эле жалпы элдин энчиси болуп эсептелген Бишкек шаарындагы борбордук кинотеатрлар менчиктештирилбейт. Кинематографияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууда ушул статьяда көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт. (КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-14)
