# 13-статья. Улуттук фильмдин жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111201)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.03.2015 [Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111201); 19.05.2009 [Закон КР от 19 мая 2009 года № 164 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203154)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/919#diff=865152..865153>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 13-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-13

---

Толук же жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо алган (50 пайыздан кем эмес) улуттук фильмдердин баштапкы материалдары жана киносанжыранын баштапкы материалдары Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин Мамлекеттик фондусуна жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине сактоого берилет. Улуттук фильмдердин баштапкы материалдарын жана киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоонун тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан жана улуттук архивдик фонд чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо алган улуттук фильмдердин баштапкы материалдарын сактоонун тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана ушул улуттук фильмдердин продюссеринин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин мамлекеттик фондусу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви улуттук фильмдердин, ошондой эле киносанжыранын баштапкы материалдарын сактоодо автордук жана эриш-аркак укуктардын сакталышын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин мамлекеттик фондусу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви улуттук фильмдин баштапкы материалдарынан жана киносанжыранын баштапкы материалдарынан кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат. (КР 2009-жылдын 19-майындагы № 164, 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-14)
