# 10-статья. Улуттук фильмди тартууну мамлекеттик каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111201)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/919#diff=865152..865153>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 10-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-10

---

Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы кинематография уюмуна, продюссерге аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан түзүлгөн жана чыгармачыл кесиптеги адамдардан, фильмдердин продюссерлеринен, жүгүртүүчүлөрдөн жана көрсөтүүчүлөрдөн турган эксперттик комиссиялардын пикирин эске алуу менен республикалык бюджеттин тиешелүү финансылык жылга кинематография үчүн каралган чыгашаларынын чектеринде улуттук фильмди тартуу үчүн каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Улуттук фильмди тартууну мамлекеттик каржылоо аны тартуунун сметалык наркынын 51 пайызынан кем эмес өлчөмдө камсыз кылынат. Өзгөчө учурларда кинодолбоордун көркөмдүк жана маданий маанисин эске алуу менен, аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы мамлекеттик фильмди тартууну анын сметалык наркынын 100 пайызына чейинки өлчөмдө мамлекеттик каржылоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-11)
