# 1-статья. Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/919)
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 2-октябры № 86 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111201)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/919#diff=865152..865153>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-874/edition/865150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/919/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө, 1-статья (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-1

---

Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясат төмөндөгү принциптерге: Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары - кинематография) сактап калууга жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан кепилдиктердин камсыз кылынышы; кино-видеофильмдерди тартууну, жүгүртүүнү жана көргөзүүнү камтыган бирдиктүү тутум катары кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигине; Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, анын ичинде коммуналдык (муниципалдык) менчикке өткөрүлүп берилген кино-видеофильмдерди чыгарган, кино-видеофильмдерди жүгүрткөн, кино-видеофильмдерди көргөзгөн мамлекеттик бардык ишканалар менен уюмдарды аткаруу бийлигинин кинематография жаатындага республикалык органына бекитип берүүгө; иш жүргүзүүнүн милдеттүү шарты катары чыгармачылык, билим берүү өндүрүштүк, техникалык, илимий жана маалыматтык базасын туруктуу өнүктүрүү болуп саналган кинематографияны маданият менен искусствонун бир тармагы деп таанууга; тарыхый-маданий, көркөм баалуулукка ээ болгон улуттук фильмдер фондусунун сакталышын камсыз кылууга; жарандардын киноискусствонун чыгармаларын түзүүдөгү жана пайдалануудагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууга; калктын кинематографиянын чыгармаларынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн шарттарды түзүүгө негизделет. (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [1-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/919/st-1-1)
