# 9-статья. Мамлекеттик кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/916)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-871/edition/751796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/916/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө, 9-статья (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-9

---

1. Кредиттик макулдашуу боюнча ички же тышкы кредиторлорго берилген зайымдардын мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу жагынан чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

2. Мамлекеттик кепилдик Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кол коюлууга, ал эми кредитордун талабы боюнча кепилдик берүү жагынан юридикалык корутунду Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кол коюлууга тийиш.

3. Алынган зайым боюнча мамлекеттик кепилдикти берүүнүн жол-жобосу, мамлекеттик кепилдиктер менен камсыз кылынган зайымдарды алуу жана төлөп берүү боюнча жол-жобо, ошондой эле ушул процесске катышкан тараптардын иш-милдеттери жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-10)
