# 8-статья. Мамлекеттик тышкы зайым

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/916)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 мая 2016 года № 67 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном и негосударственном долге Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111346)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/916#diff=751799..751800>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-871/edition/751796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/916/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө, 8-статья (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-8

---

1. Мамлекеттик тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.

Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналган келишим эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга жатат. Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналбаган келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

2. Тышкы зайымдын же башка карыздык милдеттенмелер финансы министри же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча ыйгарым укук берилген башка расмий адам тарабынан кол коюлууга тийиш.

3. Тышкы зайымга же башка карыздык милдеттенмелерге тийиштүү юридикалык корутундуларга Кыргыз Республикасынын юстиция министри кол коюуга тийиш.

4. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган финансылык агент аркылуу алынууга, төлөнүүгө жана кайтарылууга тийиш.

5. Тышкы зайымды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтарып берүүнүн жол-жобосу, ошондой эле процесске катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен алдын ала каралууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-9)
