8-статья. Мамлекеттик тышкы зайым
Күчүн жоготкон · 20.05.2016 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 мая 2016 года № 67
1. Мамлекеттик тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналган келишим эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга жатат. Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналбаган келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.
2. Тышкы зайымдын же башка карыздык милдеттенмелер финансы министри же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча ыйгарым укук берилген башка расмий адам тарабынан кол коюлууга тийиш.
3. Тышкы зайымга же башка карыздык милдеттенмелерге тийиштүү юридикалык корутундуларга Кыргыз Республикасынын юстиция министри кол коюуга тийиш.
4. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган финансылык агент аркылуу алынууга, төлөнүүгө жана кайтарылууга тийиш.
5. Тышкы зайымды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтарып берүүнүн жол-жобосу, ошондой эле процесске катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен алдын ала каралууга тийиш.
(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 мая 2016 года № 67 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном и негосударственном долге Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.05.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Мамлекеттик тышкы зайым
1. Мамлекеттик алынып салынды: ички кошулду: тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.
Кыргыз алынып салынды: Республикасынын Өкмөтү же кошулду: Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналган келишим эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга жатат.
Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналбаган келишим Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Президенти тарабынан кол коюлган кредиттерди алуу жөнүндө жана каржылык милдеттенмелер каралган келишимдер "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ратификацияланууга тийиш.
кошулду: мыйзамы менен бекитилет.
2. Тышкы зайымдын же башка карыздык милдеттенмелер финансы министри … Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен алдын ала каралууга тийиш.
кошулду: (КР 2016-жылдын 20-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/916/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>