# 6-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/916)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-871/edition/751796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/916/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө, 6-статья (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карызды башкарууда төмөндөгүдөй ыйгарым укукка ээ:

1) эл аралык уюмдардан, банктардан, башка мамлекеттерден каражат карыз алууга, ошондой эле баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка карыздык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен ички жана тышкы рыноктордо карыз алууну жүзөгө ашырууга;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгарууну спецификациялоо жана шарттарын белгилөөгө;

3) ички жана тышкы рыноктордо республиканын мамлекеттик баалуу кагаздары менен операцияларды аткарууга;

4) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн улуттук программаларга жана долбоорлорго кредиттерди алууга жана берүүгө;

5) мамлекеттик карыздын эсебин жүргүзүүгө;

6) зарыл карыз алууну пландаштырууга, карыз алуу боюнча программалардын долбоорлорун даярдоого;

7) зайымдарды берүүнү жана тындырууну, ошондой эле зайымдарга тийиштүү башка карыздык милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;

8) кайра кредиттөөнү жүзөгө ашырууга;

9) карыздын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча, мамлекеттик карыздын түзүмүн өзгөртүү, мамлекеттик карыз алуу тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш чараларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-7)
