# 5-статья. Мамлекеттик карыз алуунун жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/916)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 2014 года № 86 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном и негосударственном долге Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205307)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/916#diff=751797..751798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-871/edition/751796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/916/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө, 5-статья (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карызды башкарууда, тышкы карызды жүзөгө ашырууда жана мамлекеттик гарантияларды берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти болуп саналат. Башка мамлекеттик ишканалар менен мекемелер, ошондой эле жергиликтүү администрациялар тышкы зайымдарды жүзөгө ашырууга жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө укугу жок.

2. Мамлекеттик карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ички дүң продуктунун (ИДП) өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продуктунун өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мында мамлекеттик карыздын өлчөмүнө карата чечим ар жыл сайын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алтынын жана эл аралык резервдерин кошуп алганда мамлекеттин активдери жана ар кандай мүмкүн болгон же болочоктогу активдер мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги үчүн күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ушундай милдеттенмелерди кабыл алуу же мындай милдеттенмелер каралгандан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.

5. Мамлекеттик карыз алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдын ала жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 2-июнундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-6)
