# 15-статья. Мамлекеттик эмес зайымдарды эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/916)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 138 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственном и негосударственном долге Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/916#diff=751796..751797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-871/edition/751796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/916/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө, 15-статья (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-15

---

1. Мамлекеттик эмес тышкы карыз алууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденттери мамлекеттик кепилдиги бар тышкы зайымдар жөнүндө келишимдерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, мамлекеттик кепилдиги жокторду - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

1-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган чет өлкө насыялары жана займдары жана аларга теңештирилген милдеттенмелери боюнча карыздарды статистикалык эсепке алууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган насыяларды жана займдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен формага ылайык каттоону жүзөгө ашырат.

2. Товарларды тапшыргандык (иштерди аткаргандык), кызмат көрсөткөндүк үчүн 180 күндөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү болгон учурдагы кыска мөөнөттүү соодалык же эсептешүү операциялары эсепке алынбайт.

3. Жыйынды тышкы жана ички карызга баа берүү үчүн баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын резиденттери эмитеттирген баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына беришет. Кыргыз Республикасынын резиденттери эмитеттирген баалуу кагаздарды эсепке алуунун тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-16)
