15-статья. Мамлекеттик эмес зайымдарды эсепке алуу
Күчүн жоготкон · 20.05.2016 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2011 года № 138
1. Мамлекеттик эмес тышкы карыз алууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденттери мамлекеттик кепилдиги бар тышкы зайымдар жөнүндө келишимдерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, мамлекеттик кепилдиги жокторду - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.
1-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган чет өлкө насыялары жана займдары жана аларга теңештирилген милдеттенмелери боюнча карыздарды статистикалык эсепке алууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган насыяларды жана займдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен формага ылайык каттоону жүзөгө ашырат.
2. Товарларды тапшыргандык (иштерди аткаргандык), кызмат көрсөткөндүк үчүн 180 күндөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү болгон учурдагы кыска мөөнөттүү соодалык же эсептешүү операциялары эсепке алынбайт.
3. Жыйынды тышкы жана ички карызга баа берүү үчүн баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын резиденттери эмитеттирген баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына беришет. Кыргыз Республикасынын резиденттери эмитеттирген баалуу кагаздарды эсепке алуунун тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/916/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>