# 10-статья. Мамлекеттин алдында милдеттенмелери бар зайымчылардын же мамлекеттик кепилдиктер боюнча зайымчылардын финансылык иш-аракетин контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/916)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-871/edition/751796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/916/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө, 10-статья (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-10

---

1. Мамлекет алдында милдеттенмелери бар зайымчылар жана мамлекеттик бюджет каржылаган мекемелерден башка мамлекеттик кепилдиктер боюнча зайымчылар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөндөгүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) зайымды алганга чейин аудитордук корутундуларды;

2) зайымды жыл сайын пайдалануу жагынан аудитордук корутундуларды;

3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, болбосо мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчынын же зайымчылардын администрациясынын нускоолоруна ылайык бардык мезгил үчүн аудитордук корутундуларды.

2. Аудит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лицензиясы бар аудитордук компания тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Аудит кызматтары аудитордук компания менен мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчынын же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчынын ортосундагы контракттын негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчынын же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчылардын каражаттарынан төлөнүүгө тийиш.

4. Мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчы же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине аудитордук корутунду берүүгө милдеттүү.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчылар менен мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчылардын экономикалык жана финансылык иштерине көз салууга укуктуу.

6. Мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчылар же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчылар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, аудитордук компанияга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу уюмдарга ошол уюмдар талап кылган документтерди берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/916/st-11)
