# КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91098>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14168/edition/1232507/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91098.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 10-июнундагы №75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91098

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-июну УӨ № 75 Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)

1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын (мындан ары - Гаага Конвенциясы) жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гаага Конвенциясынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн расмий документтер тиркелген үлгүгө ылайык ушул документтерге апостиль коюу менен күбөлөндүрүлө тургандыгы белгиленсин.

2. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катары төмөнкү мамлекеттик органдар аныкталсын:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги - юстиция органдарынан чыккан расмий документтерге, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, белгиленген тартипте нотариалдык жактан ырасталган жеке жана юридикалык жактардын документтерине; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы - прокуратура органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы финансылык полиция органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Сот департаменти - сот органдарынан чыккан расмий документтерге.

3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизишсин;

- апостиль коюу боюнча функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу жана аларды алмаштыра турган адамдардын чөйрөсүн аныкташсын;

- апостиль штамптарын жасатуу боюнча чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги апостиль коюу тартибин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кароого киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги апостиль коюуга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жөнүндө Гаага Конвенциясынын депозитарийине - Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине билдирилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жана аларды алуу тартиби жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизсин.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, өнөр жай жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева

Begin\_nocompare

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 токтомуна тиркеме

Апостилдин үлгүсү (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)

APOSTILLE

(Convention de la Haye du 5 octobre 1961)

1. Өлкө/Country

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ушул расмий документ/this public document

2. Кол коюлду/

has been signed by \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Катарында чыккан/

acting in the capacity of \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Мөөр/штамп менен күбелөндүрүлгөн/

bears the seal/stamp of \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күбөлөндүрүлдү/certified

5. Шaap/at \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

6. Датасы/the \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7. Күбөлөндүргөн органдын аталышы/by \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

8. № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

9. Мөөрү/штампы

seal/stamp \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

10. Колу/signature

Эскертүү: Гаага Конвенциясында 9x9 см кем эмес өлчөмдөгү квадрат түрүндөгү апостиль штампынын формасы каралган. 12x12 см өлчөмүндөгү апостиль штампына ээ болуу максатка ылайыктуу, анын аянтынын чегинде тексттин шрифти аны сүрөттөөгө жана окуганга ыңгайлуу болсун үчүн чоңойтулушу мүмкүн. Штампта колдонулган тилди, текстти жана аны жайгаштыруу ырааттуулугун өзгөртүүгө жол берилбейт. Штамптын текстин толтуруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде же англис тилинде жүргүзүлөт. End\_nocompare
