# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы N 237 "Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы N 237 "Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14164/edition/395629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы N 237 "Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтому (28.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91091

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 24-майы №237 Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №50, 2009-жылдын 6-июлундагы №437, 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Финансылык каражатты натыйжалуу пайдалануу, архив ишин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана архив мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик архивдерин кошпогондо, облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдерди, ошондой эле архивдик мекемелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо агенттигинин алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого 2008-жылдын 1-июлунан тартып которулсун.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №50, 2009-жылдын 6-июлундагы №437 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
