# КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы №225 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн нормалары жана азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсация жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы №225 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн нормалары жана азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсация жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 889
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91083>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14158/edition/363924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91083.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы №225 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн нормалары жана азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсация жөнүндө" токтому (30.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91083

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2004-жылдын 4-декабры №889 Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерине азык-түлүк үлүштүн нормалары жана азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсация жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2004-жылдын 1-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерин азык-түлүк үлүштөр менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген нормалар боюнча колдонулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун кызматкерлерин азык-түлүк үлүштүн ордуна акчалай компенсациялоонун нормалары төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2004-жылдын 1-ноябрынан баштап - суткасына 25 сом өлчөмдө;

- 2005-жылдын 1-январынан баштап - суткасына 34 сом өлчөмдө.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги азык-түлүк үлүштүн ордуна компенсация төлөөнүн каржыланышын камсыздасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н. Танаев
