# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14152/edition/858295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому (03.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91073

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-майы N 284 Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 179, 2012-жылдын 30-октябрындагы N 753, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1999-жылдын 25-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык) 1-1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилээри белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуу маселелерин кароо Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн негизги функциясы катары аныкталсын.

3. Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 341 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы N 110 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 341 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы N 666 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 341 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов

ТИРКЕМЕ

Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аскердик-экономикалык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
