КР Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» ТИПТҮҮ ЖОБО
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 832, 2013-жылдын 10-июнундагы № 327 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) токтом түрүндө чыгарылат жана аларга жергиликтүү кеңештин төрагасы кол коет.
3. Ченемдик укуктук актыларды төмөнкүлөр каттайт:
1) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин токтомдорун - республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңешинин аппараты;
2) облустук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин токтомдорун - облустук маанидеги шаардын шаардык кеңешинин аппараты;
3) райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин токтомдорун - райондук маанидеги шаардын шаардык кеңешинин аппараты;
4) айылдык кеңештердин токтомдорун - айыл өкмөтүнүн аппараты.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 832 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ченемдик укуктук актыларды каттоо алардын төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлүү менен ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга жазуу жолу менен ишке ашырылат:
1) актынын түрү көрсөтүлөт;
2) ушул ченемдик укуктук акты жөнгө салуучу предметти билдирген аталыш;
2) кабыл алынган жер жана күн;
3) каттоо номуру.
5. Ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
6. Ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү аларды каттаган органдар тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү аларды каттоону ишке ашырган органдар тарабынан Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялануу булагын жана ченемдик укуктук актыны жарыялоо күнүнө карата ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечимин көрсөтүү менен жиберилет. Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын Юстиция министрлигине алар түшкөн күнү жиберет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 327 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул типтүү Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш.
8. Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) мыйзамда белгиленген тартипте конституцияга ылайык келбейт же жараксыз деп табылса, ал жөнүндө маалымат тиешелүү сот тарабынан ушул ченемдик укуктук актыны каттаган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ушул ченемдик укуктук актыны каттаган аппарат андай маалыматты алган күнү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүгүнө соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими акыркы (кат жүзүндөгү) формада ал күчүнө кирген күндөн баштап он күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тийиштүү аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо соттун чечимин алган күнү аны Юстиция министрлигинин аймактык бөлүгүнө жиберет. Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, андай чечим аны кабыл алган сот тарабынан ушул пунктта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш. | Премьер-министри | Ө. Бабанов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 19
Цитата келтиргендер (3)
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 169-27 "Аламүдүн айылдык кеңешинин штаттык тизимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2020 · № 169-27
- Постановление Ново-Покровского айылного кенеша от 29 сентября 2021 года № 21/V-28 "Об утверждении квалификационных требований ответственного секретаря Ново-Покровского айылного…Постановление · 29.09.2021 · № 21/V-28
- Токмок шаардык кенешинин 2010-жылдын 2-июлунун №187/33-2 "Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик актыларын каттоо тартиби жөүндөгү" Жобону бекитүү тууралууПостановление · 02.07.2010 · № 187/33-2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону…Постановление · 25.03.2010 · № 184
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (19)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Самаркандек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 18 "Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу…Постановление · 14.05.2021 · № 18
- Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-майындагы № 3 "Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө"…Постановление · 18.05.2021 · № 3
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-майындагы № 16 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVI-сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 25.05.2015 · № 16
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 9-июлундагы № 17 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVII сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 09.07.2015 · № 17
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-августундагы № 18 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVIII сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 24.08.2015 · № 18
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-октябрындагы № 19 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XIX сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 19.10.2015 · № 19
- Талды-Суу айылдык кеңешинин 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 22/3 "Талды-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2012 · № 22/3
- Момбеков айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-декабрындагы № 6 "Момбеков айылдык Кеңешинин токтомдору жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2013 · № 6
- Миң-Булак айылдык кеңешинин 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 4 "Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 4
- Казыбек айылдык кеңешинин 2012-жылдын 31-мартындагы № 6/2 "Казыбек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2012 · № 6/2
- Баш-Кайынды айылдык кеңешинин 2012-жылдын 22-мартындагы №1-2 "Баш-Кайынды айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2012 · № 1-2
- Ак-Муз айылдык кеңешинин 2013-жылдын 9-январындагы №1 "Ак-Муз айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.01.2013 · № 1
- Ат-Башы айылдык кеңешинин 2012-жылдын 3-апрелиндеги №20-2 "Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2012 · № 20-2
- Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21-сентябрындагы №5 "Нарын районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.09.2012 · № 5
- Талдуу-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №3 "Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин жана Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын Кыргыз тили мамлекеттик тилде жүргүзүү…Постановление · 31.01.2018 · № 3
- Кара-Кужур айылдык кеңешинин 2012-жылдын 15-июнундагы "Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын элдик курултайында каралган жергиликтүү жамааттын Уставы…Постановление · 15.06.2012 · № 30/3
- Кара-Бак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-мартындагы №13 "Жайыт пайдалануучулар бирикмеси аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 13
- Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2013 · № 8
- Чаткал айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 10-январындагы №2 "Чаткал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2017 · № 2