# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо" АРТИБИ

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо" АРТИБИ
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-207/edition/365329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 "Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо" АРТИБИ (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91058

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №163 токтому менен бекитилген

Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо ТАРТИБИ

## 1-глава. Жалпы жобо

## 2-глава. Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок

4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартиби

## 3-глава. Мүлк объектилерин иликтөө тартиби

## 1-глава

Жалпы жобо

1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 325-беренесине ылайык иштелип чыккан (мындан ары - Салык кодекси) жана ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартибин бекитет.

## 2-глава

Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартиби

2. Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечими менен түзүлгөн комиссиянын чечими менен аныкталат.

3. Комиссиянын курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо боюнча мамлекеттик органынын жана салык кызматынын аймактык органдарынын ыйгарым өкүлдөрү киришет.

Комиссиянын усулдук, уюштуруучулук жана башка иштерин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жүргүзөт.

4. Мүлк объектилеринин 4-тобунун ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок фактылар пайда болгон учурда салык кызматынын аймактык органы анын учеттук баасын аныктоо үчүн комиссияга кат менен кайрылуусу керек.

5. 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо жыйынтыгы салык кызматынын аймактык салык органдарына жана ошондой эле мүлк объектинин факт түрүндө колдонулушуна карай өткөрүлүп берилүүчү мүлк объекти боюнча салык милдеттеринин суммаларын аныктоо үчүн ченөө жыйынтыгы, акт түрүндө үч нускада түзүлөт.

6. Комиссиянын акты түзүлгөн күндөн тартып мүлк объекти боюнча салык милдеттерин эсептөөгө же кайра эсептөөгө жатат.

7. Өз милдеттерин толук жана так аткарбагандыгы, аракетсиздиги жана мыйзамга ылайыксыз иштерди жасагандыгы үчүн комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жооп берет.

8. Салык төлөөчүлөр төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) комиссия мүчөлөрүн атайын аймактын ичине жана административдик, өндүрүштүк, складдык жана башка жайларга киргизүүгө;

2) мүлк объекти менен байланышкан баштапкы оозеки документтерди, маалыматтарды, аныктамаларды, түшүндүрмөлөрдү берүүгө.

9. Эгер салык төлөөчү мыйзамсыз түрдө комиссиянын ишине кандайдыр бир тоскоолдуктарды келтире турган болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликтерди тартат.

## 3-глава

Мүлк объектилерин иликтөө тартиби

10. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын жооптуу адамы Салык кодексинин 114-беренесине ылайык мүлк салыгы боюнча салык төлөөчүнүн салык милдетин туура аныкталышын текшерүүнүн жетишерлиги үчүн маанилүү болгон учурларды тактоо максатында, мүлктүк жана документалдык текшерүү жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчүнүн аймагын жана имаратын изилдөө жүргүзүүгө укуктуу.

11. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан объекттин ээси болуп саналган салык төлөөчү текшерүү жүргүзүү процессине катышса болот.

12. Ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан белгиленген учурларда фото жана кино съемкаларды жасоо, видео жаздыруу, тийиштүү документтердин көчүрмөсүн чыгаруу жүргүзүлөт.

13. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы изилдөө акты менен толтурулат же текшерүү материалдарында көрсөтүлөт.
