# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14150/edition/733350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91056

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-марты №137 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы №311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы №137 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары; Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы нанотехнологиялар борборунун директору, Кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун Молекулярдык биология институтунун директору, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри; Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

СП ВТ жана СА Россия өнөр жай ишканасынын филиалынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунун директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия институнун нанотехнологиялар лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча); Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Оптоэлектроника" лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси

А.Карашев
