# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №804 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №804 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 804
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14144/edition/367856/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №804 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91039

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 25-декабры № 804 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жободо:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтин атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министринин орун басары."; 3-1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
