# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 803
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14143/edition/398326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому (16.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91038

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 25-декабры № 803 Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №162 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 661 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 184 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 598 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо эл аралык кызматташуу кызматына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин секретариатынын протоколуна жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Д. Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 803 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №162 токтомунун редакциясына ылайык)

| ӨАКтын аталышы | ӨАКтын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы |
| --- | --- |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясы | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-ми- нистри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украина биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларус биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри |
| Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш министри |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-иран комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри |
| Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан-СУАР КЭР" координациялык тобу | - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри |
| Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-польша биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
| Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-герман жумушчу тобу | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри |
| Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу | - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри |
| Экономикалык, өнөр жайлык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
| Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-корея комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри |
