# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №596 ""Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №596 ""Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 596
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14140/edition/864297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №596 ""Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91034

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 19-сентябры №596 "Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүү процесстерин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-декабрындагы № 954 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын айыл жергесинде 2010-жылга чейин маалымат-коммуникациялык кызматты өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "2010-жылга чейин кыргыз республикасынын айыл жергесинде автомобилдик жол тармагын өнүктүрүү" деген 3-бөлүм күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган программага "Телекоммуникация тармагын 2010-жылга чейин өнүктүрүү боюнча чаралар пакети" деген № 1 тиркемеде:

1, 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; "Финансы-техникалык камсыз кылуу" деген графанын 2-пунктундагы "Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер" деген сөздөр "Республикалык жана жергиликтүү бюджет (макулдашуу боюнча), "Кыргызтелеком" ААКынын каражаты (макулдашуу боюнча)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- № 3-7 тиркемелер күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
