Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 2-октябры №616 "Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2009-жылдын 9-июнунда Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 9-июнунда Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2009-жылдын 9-июнунда Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө Депозитарийге кабарласын.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразиялык экономикалык шериктештиктин Кризиске каршы фондун уюштуруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралууЗакон · 16.11.2009 · № 297
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон