Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 30-сентябры № 610 Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 , 2015-жылдын 9-июнундагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү чийки зат ресурстары менен толук камсыздоо, өндүрүшкө дем берүү жана даяр продукцияны экспорттоону көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Каргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. ТН ВЭД ЕАЭС 4707 коду боюнча классификацияланган, регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасы 1 килограммга 10 (он) сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ТН ВЭД ЕАЭС 4707 коду боюнча классификацияланган, регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасы Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык союзунун бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарылууда колдонулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом кабыл алынгандыгы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин катчылыгына белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансылык полиция), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатураны жана таштандыларды) контрабандалык ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алып чыкчу товарларга алып чыгуудагы (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июнундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30 сентябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу…Постановление · 09.06.2015 · № 350
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн…Постановление · 13.06.2011 · № 305
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №157 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алып чыкчу товарларга алып чыгуудагы (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларын…Постановление · 10.03.2009 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №157 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алып чыкчу товарларга алып чыгуудагы (экспорттук) мезгилдүү бажы алымдарынын ставкаларын…Постановление · 10.03.2009 · № 157 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №595 "2009-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниелеринде каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин…Постановление · 19.09.2009 · № 595 · Күчүн жоготкон