# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №594 "Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №594 "Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 594
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14131/edition/355482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №594 "Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91023

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 19-сентябры №594 Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингинин индикаторлорун жакшыртууга багытталган иш-чараларды турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташып келүүнү жана ташып чыгууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы № 552 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун 24-пункту;

- "Озон катмарын коргоо боюнча Вена конвенциясы жана Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-сентябрындагы № 552 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 860 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын , контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
