Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 августа 2010 года №178 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 13 августа 2005 года № 370 "Об утверждении положений, регламентирующих приватизацию государственного имущества методами продажи на аукционе и аренды с последующим выкупом" и признании утратившими силу некоторых постановлений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-08-27.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №605 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүүнү ылдамдатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти койгон милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы 2 №168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде менчиктештирүү объекти коммерциялык же инвестициялык конкурсту өткөргөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баасы белгиленбеген конкурстун катышуучулары үчүн кепилдик төгүмдүн өлчөмү акыркы өткөрүлгөн конкурста белгиленген кепилдик төгүмдүн суммасынын жарым өлчөмүндө аныкталат.";
- 29-пункттагы "коммерциялык жана инвестициялык" деген сөздөр алып салынсын;
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1. "Эгерде менчиктештирүү объекти коммерциялык конкурс өткөрүлгөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн. Баасы белгиленбеген конкурс коммерциялык конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген тартипте, бирок объектти сатуунун баштапкы баасы жарыяланбай өткөрүлөт.";
- IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 42-1-пункт менен толукталсын:
"42-1. "Эгерде менчиктештирүү объекти инвестициялык конкурс өткөрүлгөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн. Баасы белгиленбеген конкурс инвестициялык конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген тартипте, бирок объектти сатуунун баштапкы баасы жарыяланбай өткөрүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы 2 № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде менчиктештирүү объекти коммерциялык же инвестициялык конкурсту өткөргөндөн кийин сатылбай калса, ал баасы белгиленбеген конкурска коюлушу мүмкүн. Баасы белгиленбеген конкурсту өткөргөндө менчиктештирүү объектине карата милдеттенмелердин тизмеси аныкталат, ал милдеттенмелерди сатып алуучу өзүнө алууга тийиш.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 26.03.2003 · № 168
- Положение о приватизации государственной собственности методом продажи на аукционе (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 26 марта 2003 года № 168)Положение · 26.03.2003 · № 168
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен…Положение · 26.03.2003 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү…Постановление · 27.08.2010 · № 178
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 26 марта 2003 года №169 "Об утверждении Положения об условиях и порядке приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике и…Постановление · 26.03.2003 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2003 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү…Постановление · 27.08.2010 · № 178