# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 586
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/91008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14118/edition/400706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/91008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (10.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/91008

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 17-сентябры № 586 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, көмчө булгоочу каражаттардын айлана-чөйрөнүн абалына антропогендик таасирин азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- "XVI. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттик" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Автотранспорттун түтүнүндө көмүртектин оксидинин концентрациясын аспап менен өлчөө жана түтүн белгиленген нормаларга ылайык болсо экоталон берүү.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
