Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Балыкчы», «Баетов», «Токтогул», «Кызыл-Кыя», «Чолпон-Ата» таандык аэропортторун жоюу жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 17-сентябры №583 "Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" таандык аэропортторун жоюу жөнүндө "Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" аэропортторуна учуулар токтогондугуна жана аларды калыбына келтирүү максатка ылайыксыз болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 56-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" таандык аэропортторун жоюу;
- "Баетов", "Токтогул" таандык аэропортторунун имараттарын жана курулмаларын тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү;
- "Балыкчы" жана "Чолпон-Ата" таандык аэропортторунда жайгашкан жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк иштерин камсыздоо үчүн зарыл болгон имараттарды, курулмаларды жана жер участокторду "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү;
- "Баетов", "Токтогул" жана "Балыкчы" таандык аэропортторунун жер участокторун "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк иштерин камсыздоо үчүн зарыл болгон жер участокторду кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КРКодекс · 15.04.1994 · № 1483 · Күчүн жоготкон