# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14109/edition/441154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90997.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (21.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90997

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №180 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 28-январы №44 Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы № 19 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөөнүн тиркелген тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөө үчүн акча каражат бөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул социалдык коргоонун райондук, шаардык башкармалары аркылуу, бекитилген Тартипке ылайык төлөнүшүн камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөөгө бир жолку юбилейлик акчалай жөлөпул өз убагында жеткирилишин камсыздасын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 270 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
