Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-01-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 28-январы №36 "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-сентябры, №67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "жакын туугандары" деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын органдарына, бажы органдарына жана баңги каражаттарынын психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдарга" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, бажы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "кызмат" жана "баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын жүгүртүлүшүнө контролдук кылуу боюнча органдар" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы бөлүктөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
3. 17-берененин экинчи бөлүгүндөгү "камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын" деген сөздөр "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 19-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү ", башка мыйзамдарында" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы бөлүктөгү "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөр "жана башка нормативдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 20-берененин биринчи бөлүгүндөгү ", башка мыйзамдар" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 665-V "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 665-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1148-V "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.10.2011 · № 1148-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1149-V "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.10.2011 · № 1149-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 18-мартындагы № 1734-IV "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз…Постановление · 18.03.2010 · № 1734-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.11.2011 · № 202
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 18-мартындагы № 1734-IV "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз…Постановление · 18.03.2010 · № 1734-IV · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 16.08.2006 · № 170