КР Өкмөтүнүн «2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 28-январы №31 "2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуунун 5-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 585-V "2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин…Постановление · 10.06.2011 · № 585-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 586-V "2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин…Постановление · 10.06.2011 · № 586-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 10-июнундагы № 587-V "2008-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин…Постановление · 10.06.2011 · № 587-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 12-мартындагы № 1727-IV "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан…Постановление · 12.03.2010 · № 1727-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон