# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 30 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 30 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90983>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14097/edition/1157172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90983.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 30 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (28.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90983

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-январы № 30 "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-жыл, № 12, 501-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-беренеде жана 6-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 7-берененин биринчи бөлүгүнүн жетинчи абзацы алып салынсын.

3. 8-беренеде:

- экинчи бөлүктөгү "менен макулдашуу боюнча юстиция министри тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;

- алтынчы бөлүктөгү "белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн мурдагы "менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр алып салынсын.

4. 9-беренеде:

- экинчи бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

- төртүнчү бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;

- бешинчи бөлүк алып салынсын.

5. 15-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 23-беренеде:

- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Шектүүлөргө жана айыпталгандарга медициналык, анын ичинде психиатриялык жардам көрсөтүү, ошондой эле аларды медициналык мекемелерде кармоонун жана бул мекемелердин кызматкерлерин аларды тейлөөгө тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

- бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Шектүү же айыпталган адам катуу ооруп калган учурда ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун адистештирилген медициналык мекемесине же саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын тутумундагы медициналык мекемеге жайгаштырылат.".

7. 31-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү алтынчы абзацындагы "салык инспекциясынын" деген сөздөр "салык органдарынын деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 33-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аймактык органдары" деген сөздөр "жана коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 40-берененин биринчи бөлүгүндөгү "башка мыйзамдар" деген сөздөр алып салынсын.

10. 44-беренеде:

- 44-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар, өрт очоктору кеңири жайылганда, жашоо-турмуш системасындагы ири авариялар массалык тартипсиздиктер же массалык баш ийбөө учурларында шектүүлөр жана айыпталгандар же болбосо камакта кармалган жерлерге куралдуу кол салуунун реалдуу коркунучу орун алган учурда ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, улуттук коопсуздук, коргонуу органдарынын жетекчилеринин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдаштыкта алардын компетенциясынын чегинде камакта кармоо жайларында жыйырма суткадан ашык мөөнөткө өзгөчө шарттар режими киргизилет.";

- үчүнчү бөлүктөгү "башкармалыктын начальнигинин, ведомстволук баш ийүүсү боюнча министрдин" деген сөздөр "ведомстволук баш ийүүсү боюнча органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. Бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарын контролдоо боюнча агенттиги" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук кызматы" жана "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр тийиштүү сандагы жана жөндөмөдө "улуттук коопсуздук органдары" жана "ички иштер органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
