Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 28-январы № 29 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ресурстарды натыйжалуу пайдаланышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гарантияланбаган тышкы карызын толук статистикалык эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" газетасы, 2001-жыл, 28-сентябрь, № 71) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 15-беренеде:
- төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик гарантиясыз алынган чет өлкө кредиттери жана займдары, ошондой эле аларга теңештирилген милдеттенмелери боюнча карыздарды статистикалык эсепке алууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик гарантиясыз алынган кредиттерди жана займдарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен формага ылайык каттоону жүзөгө ашырат.".
- 2 жана 3-пункттар тиешелүү түрдө 3 жана 4-пункттар катары эсептелсин.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 874-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 30.06.2011 · № 874-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 875-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 30.06.2011 · № 875-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 876-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 30.06.2011 · № 876-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1703-IV "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 25.02.2010 · № 1703-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндөЗакон · 21.09.2001 · № 83 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон