# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы №26 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы №26 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14094/edition/1157170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы №26 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (26.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90980

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 26-январы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-статья. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1998-ж. № 9, 325-б) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик кайра структуралашкан заемдун облигациясы (МКСЗО) боюнча карызы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарына өзгөртүп таризделиши мүмкүн".

2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 619000000,00 сом өлчөмдөгү жөнөкөй вексели Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарга өзгөртүп таризделет.".

2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
